Тырмак көп убакыт бою шеллак менен жүрүүсү бул зыян! Себеби мунун баары химикат.
Бүгүн тырмага туура кам көрүү боюнча биздин кезектеги коногубуз Асаналиева Нуркыз айтып берет. Нуркыз азыркы учурда Санкт-Петербург шаарында тьврмак жасоо мастери болуп эмгентени келет. Ал уб тармакта 5 жылдан бери иштейт.

Саламатсызбы!
Саламатсызыбы
Сиз бул өнөргө кантип кызыгып калдыңыз?
Мектептепте окуп жүргөн кезде эле кызыкчумун. Сулуулук салондордо иштесем, кыялданчумун. Кийийн мектепти аяктаган соң крустарга катышып жүрүп азыркы кесибимдин ээси болдум десем болот. Бул кесип күжүрмөнчүлүктү жана чыдамкайлыкты талап кылат, ошодуктан тырмак мастери болуу мен үчүн оор болду десем болот.
Азыркы учурда тренди кууп жетүү өтө кыйын, бирок ошондой болсо дагы, азыркы учурда кайсы модель азыр мадада?
Ооба чынында азыр тырмак жасоонун технологиялары өтө көп жана ар тараптуу, бирок азыркы учурда эски модалар кайра кайтып келип жатат. мисалы Френч, трика. Кыш мезигилинде айыдар кызыл өңгө басымдуулук кылышат, ал эми жай мезгилинде ачык өндөр көп колдонулат.
Шеллак бастыруу тырмака заян эмеспи?
Албетте зыяндуулугу бар, себеби материалдын бардыгы химия аз болсо дагы зыяны тийбеши мүмкүн эмес.
Тырмакты Шеллактан эс алдырып туруу керекпи?
Албетте эс алдырып туруу шарт. Себеп дегени бул тырмактын өзүнүн дагы абалынан көз каранды эгерде тырмак катуу болсо анда бир жылда бир жолу эс алдыруу керек, ал эми жумшак болсо анда сөзсүз түрдө бир жылда эки жолу эс алдыруу шартю.
Тырмака үй шартында кандай кылып кам көрүүгө кеңеш бересиз?
Үй шартында тырмака өзүнүн атайын майлары болот ошону тырмактын түптөрүнө сүйкөп туруу керек, жана ошондой эле эттерин өз убагында түртүп тазалап туруу кажет. Бирок менини кеңешим тырмак адисине бир айда бир жолу барып турууну кеңеш берет элем.
Тырмактар сынып, сыйрылып жаткан учурда эмне кылуу керек?
Бул учурда дарыгерге кайрылуу керек, себеби бул организмге кандайдыр бир витамин жетпей жатканды билдирет. Бул учурда дарыгер жазып берген витаминдерди ичүү керек
Тырмак жазатууга барганда эмнеге маани берүү керек?
Биринчи оорунда тазалыка маани берүү керек, бул өтө маанилүү. Интструметтер стерилизациядан өтүүсү керек, себеби эегер инструменттерди ар бир кардарды тээлеп бүткөн соң алмаштырып тазалап турбаса оору жуктуруп алуу коркунучу бар
Маегиңизге рахмат!
Даярдаган: Айдай Сагынбаева