Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын жергиликтүү депутаттары 19- февраль күнү Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов менен жолугуп көптөгөн маселелер талкууланды.
Тактай кетсек Суусамыр айылдык депутаттардан Иманкулов Расул, Урматбек уулу Тынчтык, Жаныбеков Нуркан барды. Жолугушууда Суусамыр элине керектүү жана көйгөй болуп келген маселелер талкууланды.
1)Суусамыр-Арал жолу
2) Жайыт маселеси
3) Ветеринардык көзөмөл
4) Спорт комплекс
5) Таштанды таштоочу жай
6) Электро энергияга коюлган лимимт
7) Кожомкул айылына бала бакча куруу
Жана башка көптөгөн маселелер талкууланып, жыйынтыгында 2026-жылга ишке кире турган маселелердин тизмеси бекемделди. Алар Суусамыр-Арал жолу 30 км аралыкта жасалат, калган бөлүгү этап менен бүткөрүлөт. Ой-Кайын жайлоосуна малчылар өтүүчү көпүрө жасалат жана Кожомкул айылына бала бакча курулат.
Даярдаган : Айтурган Кубанычбековна