«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Ата-энелер мектеби жумалыгы өттү

5 Март 2026 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны: 92

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр мектебинин улуу класстар арасында ата- энелер мектеби жумалыгы болуп өттү. 

Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинде жогорку класстардын окуучуларынын ата-энелери үчүн «Ата-эне мектеби» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бул жолугушууда бала менен ата-эненин ортосундагы байланыш, бири-бирин түшүнүү, ишеним жана колдоо көрсөтүү тууралуу маанилүү темалар талкууланды.

Ата-энелер балдары менен туура мамиле түзүү, алардын оюн угуу жана колдоо көрсөтүүнүн жолдору жөнүндө пайдалуу маалымат алышты.

Иш-чара жылуу маанайда өтүп, ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты чыңдоого чоң салым кошту.

Иш чара учурунда ата-энелер менен  биргеликте жаңы метод менен балдарга жакын болуучу ар кандай оюндар уюштурулду. Жыйынтыгында ар бир ата-эне өзүнө керектүү маалыматтарды жана  ошондой эле балдары тууралуу жаңы маалыматтарды билип кетишти. Бул дагы болсо катышуучулар үчүн балдарына жаңы көз караш менен кароого жол түздү.

 

Материалды даярдаган: Айдай Сагынбаевна