«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Кадыр түндү туура тосуу

16 Март 2026 жыл 14:46
Көрүүлөрдүн саны: 80

Баарыбызга маалым болгондой азыр ыйык Рамазан айынын аяктап келүүсүнөн улам Кадыр түндү тосуу күнү белгиленип, бүткүл Мусулман эли бул күндү тосууга камынат. Бирок айрымдар бул күнү ар кандай жолдор менен тосуп, кадыр түндү тосуунун айрым эрежелеи бузулуп жатканын дагы байкасак болот. Бүгүн Кадыр түндү тосуунун эрежелери тууралуу Суусамыр айылдык мечитинин имамы Торокулов Талантбек Тураровичке бул суроо менен кайрылып жооп алдык.

                                                              Торокулов Талантбек Турарович

Кадыр түндү колдон келишинче жалгыз отуруп тозуу керек

Колдон келсе кадыр түндү жалгыз отуруп тозуусу керек, себеби кадыр түндө Аллага дуба кылып, зикир окуп тосуу керек, ал эми жанында адам болсо ар кандай сөздөр болот, байкабай бирөөнү ушактап алуусу мүмкүн,жалган айтуусу болуп калышы мүмкүн, жана ошондой эле Кадыр түндү тосуп жаткан адам алаксып, Кадыр түндү тосуп жаткан максатынан алыстап кетүүсү мүмкүн. Бирок бул күндү тосууда үй-бүлөө менен тосуу дагы болот. Бул учурда атасы менен уулу бир бөлмөдө, энеси менен кызы бир бөлмөдө отуруп дуа кылып, зикир оку са абдан жакшы болот. Азыр көп учурда айрыкча окуучу балдар эрекек кызы аралашып алып кадимки отуруш катары ар кандай алкоголдук ичимдиктерди ичип, музыка коюп калып бийлеп тосушат, бул өтө жаман көрүнүш. Кадыр түндү тосуп жактан учурда мунун бирин кылууга болбойт, буга тыю салыган. Бул учурда бул кадимки эле отуруш болуп калат. Буга эч кандай сооп жазылбайт.

Кадыр түндү тосуу бул сүннөт

Кадыр тундү тосуу бул милдеттүү түрдө эмес, бул кундү адам өз эрки менен тосуусу керек. Кадырп түндү орозо кармаган адам же болбосо кандайдып бир себептер менен орозо кармай албай калган адам өзү каалса тосот. Бирок Кадыр түндү тоскон болсоңуз ал адам чон соопко ээ болот. Пайгамбарыбыз айткан миң күндүн ичине бир түн барРамазан айынын ичинде, бул Кадыр түн кечеси деген. Ким Кадыр түгду тосуп Алланын рахматына ээ болуп калса ал адамдын баардык күнөөлөрү кечирилет. Бул сүннөт амал, бул адамдын өзүнүн каалосу менен.

 

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна