«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Аталар күнү белгиленди

19 Март 2026 жыл 15:10
Көрүүлөрдүн саны: 72

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр мектебинде аталар күнү белгиленди.

15-март аталар күнүнө карата Кадырбек Конушбаев атындаы Суусамыр мектебинде аталарга арналган иш-чара болуп өттү. Иш чарада аталар кыздары менен биргеликте таймаштарга катышышты. Иш-чаранын шарты боюнча аталар кыздары менен биргеликте кыла турган оюндарды ойношуп, кыз бала менен атанын ортосундагы мамилээни бекемдөөгө жол түздү.Жыйынтыгында катышуучуларга атайын даярдалган белектер тапшырылды. Белгилей кетсек бул иш-чара алгачкы жолу өткөрүлдү.

Даярдаган: Айчолпон Бактыбековна