Жайыл районуна караштуу Сусуамыр айылында бул жылы Нооруз майрамы жылдагыдан айырмаланып айрым маарэкелер болбой калды.
Жыл сайын Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан уюштуруп келчү майрамдык иш чара белгилүү бир себептер менен тогузунчу май айына жылдырылып, Нооруз майрамында улак, ат чабыш ж.б оюндар гана уюштурулду. Бул чечим жергиликтүү эл үчүн майрамдын болбой калуусуна өкүнүчтүү болду. Бирок ага карабастан жергиликтүү эл өз күчүнүн жетишинче майрамды уюштуруу чечимин кабыл алды. Мында ар ким өз үйүнөн болгонун алып чыгып, улуттук оюн зооктор ойнолуп, иш-чаранын катышуучулары майрамдын шаанисин көрө алышты. Эскерте кетсек бул иш-чараны Суусамыр айылынын тургундары алгачкы жолу өткөргөнү менен катышкан коноктор үйдө отурбастан, майрамды көнүнлдүү тосуп кетишти.

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна