Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл өкмөтү бул жылы Нооруз майрамынын урматына уюштурулган иш- чадара сынактан биринчи оорунду багындарды.
Бул жылы Нооруз майрамын жылдагыдан айырмаланып, башкача форматта өттү. Эгерде өткөн жылдары ар бир айыл өкмөт бул майрамды өз айылы менен тоскон болсо,бул жылы айыл өкмөттөр Жайыл району боюнча чогулуп, бирге өткөрүштү. Иш-чарада Жайыл районуна караган 6 айыл өкмөт катышты, майрам Кара Балта шаарынын мериясынын алдында болуп, катышчуучуларга бир нече сынактар жарыяланган. Жыйынтыгында Суусамыр айыл өкмөтү «Мыкты боз үй» наамын алуу менен биринчи оорунду алды жана ошондой эле иш-чарага активдүү катышкандаыгы үчүн «Жайыл дасторкону» наамына ээ болушту

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна