Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылыда дыйкандарга көмөк катары арзан баада дизель отуну берилүүдө.
Суусамыр айыл өкмөтү жергиликтүү дыйкандарга жардам катары 74 сомдон дизель отунун берүүдө. Мындай жардам Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан жыл сайын берилип келет. Дизель отунун алууну кааалагандар Суусамыр айыл өкмөтүңө келип, атайын кагаз толутуруп, кезеке туруусу керек. Кезеги келген соң барып талон менен керектүү өлчөмдөгү дизель отунун ала алышат. Бул кадам жергиликтүү дыйкандар үчүн өтө маанилүү кадамдардын бири. Эске салсак Суусамыр айыл өкмөтү жергиликтүү дыйкандар үчүн үрөндүк арпа алууда 50% жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөө менен элге чоң жардам көрсөтүшкөн.

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна