«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Суусамыр айылдык ооруканасында көз диагностикасы жүргүзүлүүдө

16 Апрель 2026 жыл 15:32
Көрүүлөрдүн саны: 39

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын, Суусамыр айылдык ооруканасында  көз диагностикасы бекер өткөрүлүүдө. 

Бүгүн 16-апрель Суусамыр айылдык ооруканасында атайын адистер келип жергиликт тургундарга бекер көз диагностикасын өткөрүүдө. Текшерүү атайын заманбап техникасы менен жүргүзүлүп, консультация алган соң, көздөрүнүн абалына жараша рецепттерди жазып, көз айнек тандап беришүүдө.  Текшерүүгө келген Жусупбек Абдикаримовдун  ( Оптомерис ) айтымында:

 

Мыдай текшерүү айыл жергелеринде азыркы учурда жүргүзүлүп жатат, себеби айрыкча айыл жергелеринде тургундары ар кандай себептер убагында окулистке барып текшерүүдөн өтө алышпайт. Ушундан улам айрым көз оорулары курчуп кетет, же болбосо көрүүсү начарлап кетет. Көздүн начарлашына климат дагы өз таасиринг тийгибей койбойт, бул жакта суук, аба кургак, бийик тоолу жер, шамал көп болуп тугандыктан көзгө атайын ультрафиолеттен шамалдан коргоочу көз айнектерди колждонууну сунушайт элем. Ошол себептен улам бул диагностика азыркы учурда жүрүп жатат. 

Ооруканга келип диагностикадан өтүүндү каалагандардын саны көп болду жана бул күнү жетишпей калгадар үчүн эрең коңшу айылдан барып көрүн алса болот. Жергиликтүү тургундардын айтымында бул диагностика элге керек болчу, себеби ар кандай себептер менен шарга барып, көрүнө албай жүргөн тургундар үчүн өтө ыңгайлуу болду жана ошондой эле көз айнектеринин мөөнөтү жетип калган бейтаптар, көз айнегин алматырып алуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

 

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна