Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылында кыз келиндер арасында волейболл оюну болуп өттү.
Кожомкул айылында кыз келиндер арасында волейболл оюну болуп өттү, бул оюнду жергиликтүү келиндер өз күчү менен уюштуруп, өрөөн боюнча үч айылдын келиндеринин катышуусунда ишке ашты. Оюндун шарттары боюнча ар бир каалаган айыл өзүнө команда топтоп чыгуусу керек, команда отптоодо жашка жана иштеген жерине карабайт жана бир гана оюнга болгон каалосу керек болот. Иш чара катышып жаткан келиндердин айтуусунда:

Чынында бул иш-чараны баштоо,команда чогултуу бир жагынан оор болду десем жаңылышпайм себеп дегенде ар кимдин шарты ар кандай. Кээ бирөөнүн жолдошу кызганса, кээ бирөө стереотиптүү көз караштан улам жубайларын жибербей жатышты. Бирок ага карабастан аракет кылып уюштурдук, бул биз үчүн өтө маанилүү. Бул кадам жаш келиндер жана ошондой эле улуу аплар дагы үй оокатынан алаксып ден соолугуна кам көрүүгө багытталган. Оюнга катышуучулардын эң жашы 20 жаштан өйдө болсо улуусунун жашы 57 жашта.Бул оюн жеке эле залга барып таймашуу эмес, бул келиндер, айылдар арасында бири-бири менен таанышып, убактыбызды бир гана жумуш анан уй эмес, андан тышкары өзүбүзгө пайдалуу нерсе кылуу ден соолугубузга кам көрүү максатын көздөйт. Себеби биз айыл жергеси болгондуктан бизде көңул ачуу же болбосо ар кандай кружокторго баруу шарттары жок, мындан улам жок дегенде ушудай оюндары уюшруп туруу биз үчүн өтө маанилүү!
Эске салсак атайын кыз келиндерге арналган иш-чара Суусамыр айылында алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Жана ошондой эле, ар бир оюндун соңунда кийинки айылга эстафета аркылуу өткөрүлүп турат.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна