«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Суусамыр айылында Ак илбирсти сактоого арналган жыйналыш болуп өттү

21 Апрель 2026 жыл 16:29
Көрүүлөрдүн саны: 34

Жайыл районуна караштуу суусамыр айылынын Суусамыр айыл өкмөтүндө Ак илбирсти сактоого арналган долбоорунун  жыйналыш болуп өттү. 

 

Баарыбызга маалым болгондой Ак илбирс кыргыз элинин сыймыгы болуп келет. Андыктан акыркы жылдары Ак илбирстин популяциясы кескин азайып кеткендигине байланыштуу, бул жаныбарды сактап калууга болгон иш аркеттер ууланып келет. Адистердин айтуусунда Ак илбирс экологиясы таза гана жерде жайгашат, бул да болсо Суусамыр эли үчүн сыймык болуп келет, Ак илбирс Суусамыр жергесинин Төө Ашуу ашуусунда байкалып келет.  Алгач адистер Суусамыр айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана ошондой эле мектеп кызматкерлерине бул долбоордук мааниси тууралуу түшүндүрмө иштерин жүргүзүп, кийин бал бакча. мектеп окуучуларына арналган атайын көргөмөлөрдү тартуулашты.

 

Бул долбоордун башкы максаты жаш балдарга жаратылышты көздүн карегиндей сактоого бала бакчада жүргөн кезинен тарта үйрөтүү. балдарадын патироттук сезимин ойготуу болуп эсептелет. Адистер Айыл өкмөтүнүн жыйналышы бүткөн соң, Кожомкул айылын бала бакчасына жана мектебине барып, балдарга жаратылышты, Ак илбирсти коргоого арналган атайын кол өнөрчүлуктөрүн жана бул иш аракет канчалыке маанилүү экендигин түшүндүрүүчү сабактарын тартуулашты. Эске салсак бул пилоттук долбоор, эгерде бул иш аракет жакшы ишке ашып кетсе алдыда бардык бала бакча, мектепрге атайын сабак катары киргизүү пландалууда

 

Даярдаган: Айтурган Кушкарбекова