«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Суусамыр мектебинде «Улуттар аралык ынтымагы» жумалыгы өттү

21 Апрель 2026 жыл 1:01
Көрүүлөрдүн саны: 52

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын Кадырбек Конушбаев атындагы жалпы билим берүү мектеибинде «Улуттар арлык ынтымагы» атуу жумалыгы өткөрүлдү. 


Жумалыктын темасы:
“Улуттар аралык ынтымак”
Бул иш-чарага 1-класстан 4-класска чейин окуучулар активдүү катышышты. Ар бир класс ар кайсы улуттарды чагылдырып, ошол улутка ылайык бий, ыр, улуттук оюндар жана улуттук тамак-аштарды даярдап келишти.
Иш-чара абдан кызыктуу, тарбиялык мааниси жогору жана эсте каларлык болду. Окуучулар ар улуттун маданияты, каада-салты, кийимдери жана өнөрү менен таанышып, достукка, биримдикке жана ынтымакка үндөгөн жакшы маанай тартуулашты.
Мындай иш-чаралар окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтип, ар улутту сыйлоого, урматтоого жана ынтымакта жашоого тарбиялайт.

 Даярдаган: Сагынбаев Айдай