Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында кыз келиндер арасында воллейбол оюну боюнча достук мелдеш болуп өттү.
Мелдешке төрт айылдан келеген команда катышып, күчтүүсү жеңишке ээ болду. Оюндун уюштуруучулары жергиликтүү кыз келиндердин арасында шерине топ кылуу менен бирге, келиндерге спортко катышуу менен ден соолукту чыңдоого умтулушкан. Алгач мелдеш Кызыл Ой айылынан башталып, кийин эстафета катары Кожомкул, Суусамыр айылына өткөрүлүп берилди.

Эгер биринчи оюндарга кыз келиндер оюнду уюштурууга каражатты өз чөнтөгүнөн чыгарып уюштуруп келген болсо, бул сапар жергиликтүү тургундардан демөөрулөр болуп, башкы байгеге керектелүүчү кубок, медалдары алып беришкен. Оюндун катышуучуларынын айытымында бул дагы болсо, бул мелдештин жергиликтүү кыз келиндер үчүн канчалык маанилүү экендигин тастыктайт, азыркы учурда Суусамыр айылында волейболл оюну боюнча топ болуп ойноп жаткан сегиз команда бар жана келээрки жылы оюнга катыша турган кыз келиндер дагы да болсо көбөйөт деген ишничте.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна