«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Суусамыр айыл өкмөтүндө жаңы башчы дайындалды

2 Май 2026 жыл 20:20
Көрүүлөрдүн саны: 34

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл өкмөтүндө жаңы башчы дайындалды. 

Сууамыр айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы мөөнөтүнөн мурда жумуш ордун таппшырып берүүсүнөн кийин Суусамыр айыл өкмөтүнө Уметалиев Таштан жаңы башчы болуп дайындалды.  Эскерте кетсек бул  өзгөрүү убактылуу көрүлгөн чара, эгер эки ай ичинде жаңы башчы өзүн кызматында жакшы иш көргөзө турган болсо анда бул кызматта бекитилет.

Уметталиев Таштан бул күнгө чейин Суусамыр айылында Достук муниципалдык ишканасчында директор, Суусамыр вйыл өкмөтүндө МЧС башчысы, Жайыл райондук администрациясында юрист болуп эмгектенип келген.

 

 

Даярдаган: Айтурган Кушкарбекова