Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жазгы айдап себүү иштери үчүн техникаларга тариф бекитилди.
Барыбызга маалым болгондой Суусамыр айылында жер айдоо бир жылда бир гана жолу жүргүзүлөт жана сугаруу мүмкүчүлүгү жоктугунан улам жердин басымдуу бөлүгү кайрак жерлер. Ушул себептен улам жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Суусамыр айылынын тургундары менен атайын жолугушууларды жүргүзүштү. Жыйынга Суусамыр айыл өкмөт башчысы жана Суусамыр айылдык депутаттары катышып техника айдаган жумушчулар менен дыйкандардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн соңунда ар тараптын шартын эске алуу менен жазгы айдап себүү иштери үчүн техникаларга тарифин бекитишти.

Жыйынтыгында айдалып жүрөн жерди бузуу гектарына 1500 сом 20 л солярка, дың жерди бузуу 1700 сом 25 л солярка. Эске салсак суусамыр айылында дыйкандардын басымдуу бөлүгү Суусамыр айылынын климатына туура келген арпа,сулу,буудай себип келишет.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна
