«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Суусамыр-Арал жолу маселеси каралды

21 Май 2026 жыл 13:19
Көрүүлөрдүн саны: 22

Жайыл районуна карштуу Суусамыр айылында Суусамыр-Арал стратегиялык жолу маселеси каралды. 

Баарыбызга маалым болгондой Суусамыр-Арал стратегилялык жолу көп жылдар аралыгында каралып бирок бир жыйынтыка чыкпай,иш ордунан жылбай келген. Бул жагдайдан улам Суусамыр айылдык депутаттары Урматбек уулу Тынчтык, Айдарбек уулу Данияр, Иманкулов Расулдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комуникациялар министирлигинде,министирдин биринчи оорун басары Бактылуу  Аскар уулу Момбеков менен жолдун оңолушу боюнча жолугушуу уюштурулду. Жолугушунун жыйынтыгында, Суусамы-Арал жолунун баштала турган мөөнөтү. Министирдин орун басарынын айтымында жол 3-4 айдын ичинде ишке кирет, деп божомолдоо айтты. Жана ошондой эле Суусамыр-Арал жолу Кыргыз Республикасынын президентинин көзөмөлүндө экенин айтты.  Эске салсак Суусамыр-Арал жол кыргыз көмүрү кара кече жана башка көмүр ташуучу жол, жана бул жолдон оор жүк ташуучу унаалардын саны өтө көп

 

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна