«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Суусамыр айылында Губернатор менен жолугушуучу болуп өттү м

2 Июнь 2026 жыл 13:37
Көрүүлөрдүн саны: 19

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Кыргыз республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбек Элкинбек Токтогоновичтин эл менен жолугушуусу болуп өттү.

Жайыл районунун Суусамыр айылында Чүй облусунун гурбернатору Аширбек Элинбек Токтогоновичтин эл менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда жергиликтүү эл тарабынан ар тараптуу маселелр көтөрүлүп, алардын ичинен Саламаттык сактоо, жол маселеси, Суусамыр айылындагы даарыканада дарылардын жетишсиздиги, билим берүү, ветеринардын жоктугу  жана башка көптөгөн орчундуу маселер көтөрүлдү.

Жолугушууга келген адамдардын көгөйүн угуу үчүн ар бирине үч минутадан убакыт берилип, ар бир жарандын маселесин угууга шарттар каралды, айрым маселерди жеринен чечүү үчүн облустук жана райондук мекемелерден дагы атайы түзүлгөн комиссия катышып, жолугушуу учурунда көтөрүлгөн маселелер кагаз түрүндө тапшырылып берилди.

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна