Жайыл районуна караштуу Суусамыр Айылында турак жайлардын бирине чагылган түштү

2026-жылдын 14-июль күнү түнкү саат 02:00 чамасында Суусамыр айылында туруксуз аба ырайына байланыштуу катуу күн күркүрөп, айыл ичиндеги турак үйлөрдун бирине чагылган түштү. Чагылган Суусамыр айылынын тургуну үйүндө уктап жаткан кезде үйүнүн жанындагы мончосунун чатырына түшүп, чатырын тешип кеткен. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен үч үйдүн электр чубалгылары үзүлүп, үй ээсинин электр эсептегичи жарактан чыгып калган.

Учурда кырсыктан жабыркагандар болгон жок, жана жергиликтүү бийлик тарабынан келтирилген чыгымдар эсептелип, үй ээсине керектүү жардам көрсөтүлүүдө.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна