Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Суусамыр айыл өкмөтүнүн Достук муниципалдык ишканасына жаңы техникалар берилди.

Достук муниципалдык иш канасына таштанды ташуучу унаа жана погружчик берилди. Атайын техникаларга каражат тендер аркылуу келди. Эске салсак Достук муниципалдык иш канасында азыркы учурда грейдер, погружчик, жана оор жүк ташуучу техкалар бар болчу, бирок погружчиктин эскилиги жетип, тиштери мокоп калган, мындан улам айдоочуга ишин эффективдүү иштөөгө айрым тоскоолдуктарды жаратып келген.

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна