«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Кожомкул айылында бала бакча салынууда

22 Июль 2026 жыл 12:57
Көрүүлөрдүн саны: 101

Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылында 100 оорундуу бала бакча салынууда.

Кожомкул айылында бул күнгө чейин бала бакча мектептин имаратында иштеп, бирок тар болгонунан толук кандуу иштөөгө мүмкүнчүлүк болбой келген. Азыркы учурда имараттын котлованы казылып, фундаменти куюлду. Эске салсак бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулууда

 

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна