«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Эгин жыйноочу техникалардын тарифи бекитилди

22 Август 2026 жыл 14:25
Көрүүлөрдүн саны: 7

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында күзгү эгин жыйнап,терүү иштеринин мезгилинин келгенинен улам, атайын техникаларынын тарифи Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан бекитилди.

 

Жаңы коюлган тарифтин шарты боюнча Комбайн гертарына 2000 сом 20 литр солярка, Камаз 4000 сом, ЗИЛ 2000 сом, Газ 53 1500 сом, эскерте кетсек бул баалар айдоо жеринин аралыгына жана татаалдыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн. Дыйкандардын айтымында бул жылы жаан чачындын көа жаашынан улам дан өсүмдүктөрү түшүмдү өткөн жылга салыштырмалуу жакшы берет деп күтүлүүдө.

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна.