«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Суусамыр айылында мектептин сырты жаңыртылууда

22 Август 2026 жыл 13:53
Көрүүлөрдүн саны: 11

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр жалпы билим берүү орто мектебинин сырткы  көрүнүшү жаңыртылууда.

Суусамыр айылындагы бул мектептин сырткы көрүнүшү 1984 жылы салынган күндөн бери сырткы келбети капитплдык оңдоодон өтпөй келген. Мындан улам мектептин сырткы көрүнүшү эскилиги жетип, айрым жерлеринин сырткы шыбактары түшүп, ички кирпичтери көрүнүп калган. Бул маселени чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен жана ошондой эле областтык бюжеттен 6млн 745мин 262сом өлчөмүндөгү караж бөлүнүп, оңдоо иштери башталды. Оңдоо иштеринин бүтүрүү болжолдуу убактысы 90 күн.

 

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна