Суусамыр айыл өкмөтү айылдагы жаштардын спортко кызыгуусуна өзгөчө көңүл буруп келет. Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Тунук айылынын жаштары үчүн дагы жакшы жаңылык болду. Эми өздөрүнүн айылында кичи футбол аянтча курулуп, пайдаланууга берилди.

Кичи футбол аянтчасынын көрүнүшү.
Бул тууралуу Тунук айыл аймагынын айыл башчысы Авазбек Союзпахтал уулу төмөндөгүдөй билдирди:

Тунук айылынын айыл башчысы Авазбек Союзпахтал уулу.
«Башка айылдарда буга чейин футбол аянтчалары курулган болчу. Буга чейин биздин жаштар коңшу айылдарга барып ойного тура келчү.Быйылкы жылы биздин айылга кичи футбол аянтчасынын курулушуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каралган.Жалпысынан 3,5млн. сом каражатка курулду. Дагы тегерегиндеги жасала турган анча-мынча иштери калды. Мамлекет тарабынан дагы спортко жакшы көңүл бурулуп келет. Балдар телефонго алаксыбай убактыларын спортко кетирсе жакшы болот эле деген ойдомун. Спорт менен машыгуу балдардын ден соолугуна бир топ пайда.Биз дагы айыл эли үчүн пайдалуу иштерди жасаганга аракет кылып келебиз. Эми жаштарыбыздын спорт менен алектенүүсү үчүн айылдарда жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болуп жатат. Айылдагы жаштардын арасынан көптөгөн спорттун алдыңкылары чыгып келатат .Биз дагы жаштардан үмүт кылабыз»-дейт айыл башчы.
Футбол аянчасынын курулушу мектеп окуучулары үчүн чоң кубаныч болду.Өзүнүн кубанычы менен бөлүшкөн Тунук айылынын Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Нуртилек Казыбеков:

Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Нуртилек Казыбеков.
«Биздин айылда буга чейин футбол аянтча болгон эмес.Биз мектептин аянтчасында эле ойночубуз. Мен футболго кызыгам.Азыр бизде футбол аянтча курулуп жакшы болду.Эми ошол аянтчада ойнойбуз. Ал жер таза, караңгыда жарык топ дагы сыртка чыгып кетпейт. Бош убактыбызда келип ойнойбуз»-деди.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонду тарабынан колдоого алынды.Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Азиза Тамчиева.