Жаш-карысына карабай тиши ооруган адамдар миңдеп саналат. Өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык абалдын курчушунан, тиш дарыгерге барып көрүнүү кооптуудай сезилет. Алыскы айылдарда пандемия учурунда тиш доктурлар тынымсыз иштеген.
Бул тууралуу Суусамыр айылдык ооруканасынын тиш дарыгери Алмазбек Бийсеев айтып берди:
Баланын тиши жакшы болушу, энеден көз каранды…
— Тиш ооруну алдын алуу, биринчи кезекте эненин кош бойлуу убагында эле башталышы керек. Азыркы учурда жаш энелерде аз кандуулук көбүнчө кездешет. Мындай учурда түйүлдүккө витаминдердин жетишсиздигинен, кийинки баланын сүт тиштерине терс таасирин тийгизет. Жаңы түйүлдүк пайда болуп келе жатканда, эненин ден соолугу чын болушу керектелет. Ошондуктан биз гинеколог менен биргеликте, кош бойлуу аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көзөмөлдөп турабыз.
Тиш пасталарын доктурдун көрсөтмөсү менен алган оң…
-Ар бир адамдын ооз көңдөйүнүн акыбалына жараша ылайыкталган тиш пастасы болгону оң. Гигиеналык, пайдалуу жана комплекстүү пасталар болуп 3 түргө бөлүнөт. Гигиеналык паста чоң адамдарга ылайыкташтырылып жасалган, бул пастаны күн сайын колдонгонго болот. Тиштин бүйлөсү сезгенсе, канаса пайдалуу чөптөрдөн жасалган пастаны колдонууну сунуштайм. Ал эми тишиңиз курт болсо, тишиңиздин катуу катмарын калыбына келтире турган, курамында кальций, фтору бар пасталарды колдонсоңор болот.
Тиш ооруса, өз алдынча дары ичүү кооптуу…
-Тиш ооруганда дароо тиш дарыгерге кайрылгыла. Өз алдынча дары ичүү, кооптуу ооруларды алып келиши ыктымал.
Тиш дарыгерлер тазалыкка кылдат мамиле жасоо керектелет…
-Биринчиден тиш дарылоодо тазалыкка көңүл бурабыз. Тиш дарыгер колдонуп жаткан аспаптар оорулу бейтаптан, экинчи адамга колдонула турган болсо коркунучтуу оорулар жугуп калышы ыктымал. Ошондуктан аспаптарды тиешелүү убакытка чейин тазалоодо мен өзүм көңүл бурам.
Ковид-19 илдети күчөп жатканда тиши курч ооруган бейтаптарды кабыл алып жаттык…
-Ковид-19 илдети күч болуп жатканда, Арзымат Жумабековичтин буйругу менен тиши курч ооруган бейтаптарды гана кабыл алып жаттык. Тиш оорунун коркунуч жаратпаган бейтаптарды үйлөрүнө жөнөтүп жаттык. Анткени ошол убакытта, биздин максатыбыз көп кишини жыйнабоо, бири-бири менен контакт кылбоо болчу.
Учурда ковид-19 илдети кайрадан жайылып жатат. Эгерде бейтап ковид-19 вирусуна чалдыгып калса, тиши чыдатпай ооруса, бизге алдын ала кабарлап, санитардык эрежелерди сактап келсе болот. Ковидке чалдыккан бейтапты дарылоодон кооптонбойм. Анткени ковидке каршы вакцина алгам.
Айдана Токтобекова