«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Такси жамааты кайрымдуулук иштерин да жасап турушат

26 Ноябрь 2021 жыл 15:47
Көрүүлөрдүн саны: 79

Өлкөдө күйүүчү майдын баасы күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө 1 литр Аи-92 бензининин баасы 56 сомду түзөт. Күйүүчү майдын кымбатташы, таксисттердин көйгөйүнө айланды.

Бул тууралуу Суусамыр айыл аймагынын тургуну, такси айдоочусу Аралбек Айдарбеков айтып берди:

Суусамыр айыл аймагынын тургуну, такси кызматкер Аралбек Айдарбеков

Кымбатчылыктан жол киренин баасын жогорулатууга мажбур болдук…
— Пандемия убагынан тартып эле, өлкөдө кымбатчылык дагы күч алды. Күйүүчү майдын, машинанын тетиктеринин кымбатташы такси кызматкерлеринин биринчи көйгөйүнө айланды. Кымбатчылыктан Суусамыр-Кара-Балта жол киресин көтөрүүгө мажбур болдук. Күйүүчү майдын кымбатташы такси жамааттына эле эмес, бардык айыл тургундарына дагы көйгөй жаратат.

Пандемия күчөп жаткан учурунда, такси кызматын көрсөткөн адамдардын жумушу үзгүлтүккө учураган…
-Өлкөдө ковид-19 илдети күчөп жатканда, такси кызматы эле эмес бардык кесиптин ээлери жумушсуз калышты. Суусамыр айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаал күчөп турганда, таксисттердин жумушу үзгүлтүккө учурады. Такси кызматкерлер ковид-19 илдети элге тарабасын деп каттамын убактылуу токтотушкан.

Такси жамааты кайрымдуулук иштерди дагы жүргүзүп турушат…

Айылдын активисттери менен биргеликте, Суусамыр ооруканасына жардам

-Айылыбызда ковид-19 вирусуна чалдыккан адамдар көп болду. Бул учурда дарылар табылбай, кымбат болуп жатканда эл кыйналып кетти. Такси жамааты дары-дармеке акчалай 20 миң сомдон жогору жардам көрсөттүк. Мындан тышкары эпидемиялогиялык учурда гана эмес муктаж үй-бүлөлөргө, айыл өкмөткө дагы колдоо көрсөтүп турабыз. Дача Су, Баткендеги чек арада болгон кырсыктарга тамак-аш, кийим жактан жардам көрсөткөнбүз.

Такси кызматкерлерден ковид-19 вирусуна каршы вакцина алгандар бар…
-Абал турукташкандан соң ишибизди кайрадан уланттык. Учурда 35 тей такси кызматкерлер катташат. Эл ташууда санитардык эрежелерди сактаганга аракет кылабыз. Такси кызматкерлерден вируска каршы вакцина алгандар бар. Бирок аралыкты сактоого мүмкүн эмес.

Айыл ичинде өткөрүлгөн иш-чараларга такси жамааты активдүү катышат…


-Айыл ичинде ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат эмеспи. Футбол, баскетбол, көк-бөрү, сыяктуу иш-чараларга такси жамааты активдүү катышып, байгелүү орундарды алып жүрөбүз.

Айдана Токтобекова