Бүгүн Суусамыр айылында шайлоо өз тартибинде өтүп жатат. Шайлоочулар активдүү катышууда.

7346 шайлоо участкасындагы шайлоонун жүрүшү.
Бул тууралуу Суусамыр айылдык 7346 шайлоо участогунун шайлоо комиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев билдирди:

Суусамыр айылдык 7346 шайлоо участогунун шайлоо комиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев
«Шайлоо өз нугунда тынч өтүп жатат. Бардыгы мыйзам чегинде болууда. Элдин катышуусу, маанайлары жакшы. Эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Шайлоо участкасында бардык санитардык эрежелер сакталууда. Маска антисептик каражаттары менен камсыз болгонбуз. Бардык техникалар үзгүлтүксүз жакшы иштеп жатат. Биздин шайлоо участкасында 2107 шайлоочу бар. Азыркы учурда 650 шайлоочу келип өз добушун берип кетишти. Эми дагы саат 8ге чейин убакыт бар. Шайлоочулар дагы деле келип жатышат».
Азиза Тамчиева