«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Аудио:2021-жылдагы Суусамыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы.

29 Ноябрь 2021 жыл 12:56
Көрүүлөрдүн саны: 78

Суусамыр айыл аймагындагы Суусамыр айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу тааныштырабыз.Ошондой эле Суусамыр айыл аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын 2021-жылдагы жасалган иштери туурасында жана бюджеттин кандай каражаттардан түзүлөрүн  угабыз.

Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:

Суусамыр айыл аймагындагы  айылдарга  2021-жылдагы бюджеттен  канча каражат бөлүнгөндүгүн жана канча пайызга иштер аткарылгандыгын айыл башчылар айтып беришти:

Тунук айылынын айыл башчысы Авазбек Союзпахтал уулу.

Тунук айылынын айыл башчысы Авазбек Союзпахтал уулу:»Биздин Тунук айылына бюджеттен 2021-жылга 5млн 255миң сом бөлүнгөн.Иштер азыркы учурда 80%га аткарылып бүтүп калды»

Кожомкул айылынын айыл башчысы Бакыт Мураталиев: «Кожомкул айылына жергиликтүү  бюджеттен 480000миң сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. Кожомкул айылында 90%га иштер аткарылды десек болот».

Кайсар айыл аймагынын айыл башчысы Талгат Бактыбек уулу:

Кайсар айылына 2021-жылга бюджеттен жолго деп 400000миң сом жана мектепке фапка деп 600000миң сом акча каражаты бөлүнгөн.Баардык иштер азыркы күндө 100%га аткарылып бүттү».

Айыл өкмөтүнүн бюджети кандай каражаттардан түзүлөрүн жана жалпы 3-кварталга карата бюджеттин аткарылышын  Суусамыр айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Элмира Такырбашева төмөнкүдөй айтып берди:

Суусамыр айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Элмира Такырбашева.

«Биздин айыл өкмөтүнүн  бюджетине каражат салыктардан, ыктыярдуу патенттен, ижарага берилген жерлердин акысынан, кен чыккан жерлерди иштетүүдө лицензиялардан  түшөт. Андан тышкары дагы мамлекет тарабынан теңдештирүү гранты берилет.Быйылкы жылга 9000000 млн тегерегинде акча түштү. Быйылкы жылга  план боюнча берилгени 8734300 сом.Ал эми аткарылганы факт боюнча 9183500 сом 105,1% аткарылды»

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонду тарабынан колдоого алынды.Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

 

Азиза Тамчиева.