«Суусамыр FM» жамааттык үналгысы

Жайыл району, Суусамыр айыл аймагы

Суусамыр: Айылдарда көмүр маселеси көйгөй жаратууда.

29 Ноябрь 2021 жыл 15:13
Көрүүлөрдүн саны: 84

Быйыл сууктун эрте болушу өлкөдө көмүргө болгон суроо- талапты жаратты. Бир канча себептер менен көмүрдүн баасы кымбаттап, айыл тургундарын кыйын абалга кептеп турган маалы. Кымбат болсо дагы айылдарга көмүрдүн келбей жетишпей жаткандыгы айыл тургундарына көйгөй жаратты. Бирок бул көйгөйдү чечүүнү   Суусамыр айыл өкмөтү  өз колуна алды.Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов айылдарды бир аз болсо дагы көмүр менен камсыз кылуу  үчүн Кара-Кече көмүр кенинен көмүр алып келип элдерге арзан баада таратты. Айыл өкмөт башчысы 15 камаз прицеп менен, 2 зил машинасы менен, жалпы 370 тоннадан ашык көмүр келгенин билдирди. 

Айыл элине көмүр таратуу убагында.

Айыл элине сапаттуу  көмүрдүн  келиши  жакшы жаңылык  болду. Бул тууралуу Суусамыр айылынын тургуну  Жоомарт Келдибеков:

«Айыл өкмөтү элдин  сунушуна макул болуп, айыл элин көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр алып келип таратты. Көмүрдүн сапаты жакшы экен. Бизге  ушундай сапаттуу көмүр керек. Анткени суук катуу болот. Быйыл көмүрдүн баасы кымбат болуп жатат. Көмүр кени быйыл кечирээк ачылып,  көмүр алып келүү кечигип жатты. Суук да эрте болуп тургундарды түйшүккө салды. Көмүр келгени менен жетишпей, баасы да кымбат болуп кетти. Көмүрдүн баасынын кымбат болушу күйүүчү майдын жана унаа тетиктеринин баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу болуп жатса керек. Айылдагылар үйлөрүн отун тезек менен жылытышат. Азыр электр энергиясын дагы үнөмдөөгө туура келип жатат. Бирок көмүр болбосо болбойт.Анткени Суусамыр айылында суук 40 градуска чейин болот. Кымбат болсо дагы алып жатышат».-дейт.

Көмүрдүн баасынын арзаныраак болушу  айыл тургундары үчүн бир аз болсо дагы тыгынчык болууда. Бул тууралуу айыл тургуну пенсионер  Алиман Бурканбаева:

Суусамыр айылынын тургуну Алиман Бурканбаева.

«Быйыл суук эрте болуп биздин айылга көмүр келбей, келсе дагы кымбат 4000миң сомдун тегерегинде болууда. Мен өзүм пенсионермин. Неберелерим менен турам. Келген көмүрлөр кымбат болсо дагы алып,  калбай калып жетпей жатат. Элдер бул көйгөйлүү маселе  менен айыл өкмөтүнө кайрылганбыз. Биздин көйгөйдү эске алып, айыл өкмөтү өзү барып көмүр алып келип айылдагыларга  таратты. Ар бирибиз бир тоннадан көмүр алдык. Мен үйүмдү  жалаң көмүр менен жылытам. Көмүрдүн сапаты жакшы  күйүшү да жакшы экен. Баасы бир аз болсо дагы арзаныраак болду. Буга чейин дагы тоннасын 4000 миң сомдон көмүр алгам.  Азыркы убакта баардык нерселердин баалары көтөрүлүп жатат. Эми кымбат болсо дагы көмүрдү алганга туура келет. Анткени биздин Суусамыр айылында кыш суук болот жана алты айга созулат».-деп айтып берди.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонду тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

 

Азиза Тамчиева.